Мазмунга өтүү

Габороне

Википедия дан

Габороне (1969-ж. чейин Габеронес) — Ботсвананын борбору (1966-жылдан); өз алдынча шаар муниципалитетине бөлүнгөн. Калкы — 214,4 миң (2006). Өлкөнүн Түштүк-чыгышында, 1000 м бийиктикте жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Шаар 1950-жылдардын аягында темиржол бекети катары негизделген. Университет (анын астында Түштүк Африкадагы эң ири калк китепканасы иштейт), институттар, билим берүү академиясы, музей, галлерея (1968; музундугу аспаптардын бай коллекциясы, үй эмеректери, аялдардын кооз мончоктору жана башка), Майтисонг маданий борбору (музыка, театр), Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдүн өнүгүү маселелери боюнча уюмдун штаб-квартирасы бар. Жыл сайын соода жарманкеси өткөрүлүп турат. Пиво кайнатуучу, металл жана жыгачтан буюм жасоо өндүрүшү, текстиль өнөржайы иштейт. Шаарга жакын салттуу колөнөрчүлүктүн (килем токуу жана башка) борбору жайгашкан. Шаардын айланасынан марганец жана асбест казылып алынат.