Калтыратма
Калтыратма (лат. febris) – пирогендик заттардын таасири менен терморегуляция борборлорунун кайра түзүлүшүнүн натыйжасында дене табынын белгиленген ченемден жогорулашы.
Бул макалада грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык каталар бар. |
Оорунун сыпаттамасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ар кандай организмде гипоталамуста жайгашкан терморегуляция борбору болот. Башында, белгиленген чек же "физиологиялык термостаты" 36,6-36,7 градус деп берилген. Дал ушул терморегуляция борбору организмдин бул туруктуу температурасын кармап турат. Андагы суукка жана ысыкка сезимтал нейрондор дене табынын же айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө байкоо салып турат. Эгерде суук болсо, температуранын синтези активдештирилет – булчуңдар калтырап, зат алмашуу активдешет. Ал эми ысык болсо, анда негизинен, тердөө жолу аркылуу жылуулук чыгаруу активдештирилет. Калтыратма учурунда дене табынын жогорулашы көбүнчө жылуулуктун көбөйүшүнө караганда жылуулук чыгаруунун төмөндөшүнө байланыштуу болот.
Калтыратма – бул процесс + жышаан, анткени ал бизге ооруну + коргонуу механизмин көрсөтөт.
Калтыратманын баштапкы шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дене табынын көтөрүлүшүнө пирогендер – полисахарид мүнөзүндөгү заттар себепчи болот.
Пирогендердин түрлөрү:
- 1. Инфекциялык: бактериялар, вирустар, грибоктор, эң жөнөкөйлөр, гельминттер.
- 2. Инфекциялык эмес: асептикалык сезгенүү, күйүктөр, жаракаттар, инфарк, кан куюлуу, аллергиялык реакциялар, шишиктер.
Калтыратманын патогенези
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Организм жабыркаганда же ага жугуштуу пирогендер: микробдор, грибоктор, вирустар, эң жөнөкөйлөр, гельминттер киргенде, калтыратма башталат. Пироген жана организмге келтирилген зыян макрофагды активдештирип, ал өз кезегинде кан агымы менен гипоталамуска куюлган медиаторлорду синтездейт жана дене табынын белгиленген ченемин жогорку деңгээлге тууралайт. Бул учурда терморегуляция борбору үчүн дененин калыптагы температурасы төмөн деп кабылданат, ошондуктан калтыратма башталганда, адам чыйрыга баштайт.
Адам сыртынан канчалык жылууланса дагы, чыйрыгуу токтобойт, анткени суук ичтен келет. Чыйрыгуудан кийин кайрадан жогорку температура деңгээлине келтирилген терморегуляция борбору дене табын көтөрө баштайт. Булчуңдардын калтырашы жана зат алмашуунун активдешүүсү жылуулуктун пайда болушунун жышаандары катары эсептелет. Ал эми жылуулуктун пайда болушуна тоскоолдук кылгандыктан, перифериялык тамырлар карышат да, адам кубарып, тердөө токтойт. Ошентип, дене табы көтөрүлөт.
Калтыратманын баскычтары жана алардын алгачкы жышаандары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1. Дене табынын жогорулоо баскычы
- симпатикалык нерв тутумунун тонусунун жогорулашы:
- теринин тамырларынын ичкериши, чыйрыгуу, булчуңдардын калтырашы, түктүү уячалардын булчуңдарынын жыйрылышы (бүдүрлүү тери), жылуулуктун көбөйүшү (жыйрылуучу термогенез)
- жылуулуктун төмөндөшү, айлана-чөйрөгө чыгарылуучу жылуулуктун азайышы.
- боордогу зат алмашуунун жогорулашы, кычкылдануу жана фосфорлонуу процесстеринин ажыратылышы. Бул баскычта жылуулук чыгаруу жылуулук өндүрүүгө караганда басымдуулук кылат. Адам кубарып, титиреп, чыйрыгат, табити жоголот, башы ооруйт, уйкусу келет, сөөктөрү морт болот, дем алуусу оорлошот, ысык кан ичке топтолот, анткени тамырлары карышып калгандыктан, бардык ички органдарына оорчулук келе баштайт.
2. Дене табынын жогорку көрсөткүчүн сактоо баскычы
Парасимпатикалык нерв тутумунун тонусу жогорулайт. Тери тамырлары кеңейет. Сырткы чөйрөгө жылуулук бериле баштайт. Бул баскычта бардык ысык кан периферияга чыгып, адам жеңилдей түшөт, ички органдар чыңалууну сезбейт. Ошентип калтыратма комфорту пайда болот. Адам ысып, чарчап-чаалыгат, бирок өзүн жайлуу сезет. Экинчи баскычта жылуулук чыгаруу жылуулук өндүрүүгө барабар болот.
3. Дене табынын төмөндөө баскычы
- жылуулук чыгаруу теринин тамырларынын кеңейишинен жана жылуулуктун көбөйүшүнөн улам жылуулук өндүрүүдөн ашып кетет.
- жылуулук өндүрүшү кадимки калыбына келип, жылуулук чыгаруу көбөйөт. Бардык токсиндер жана микробдор денеден тер аркылуу чыгат.
Булар айырмаланат:
- Дене табынын литикалык (акырындык менен) төмөндөшү.
- Дене табынын опуртал (кескин) төмөндөшү
Дене табынын кескин төмөндөшү коллапс коркунучуна алып келиши ыктымал.
Дене табынын жогорулашына жараша калтыратманын түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]– субфебрилдик 37,1-38,0 градус
– орточо (калтыратма) 38,0-39,0 градус
– жогорку 39,0-40,9 градус.
– гиперпиретикалык жана 41,0 градустан жогору.
Дене табынын суткалык өзгөрүүсүнө жараша калтыратма түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көп учурда эртең менен дененин температурасы төмөн, кечинде жогору болот.
Температуранын өзгөрүүсүнө жараша диагноз коюуга болот.
1) Туруктуу
– Ич келтеде, крупоздуу пневмонияда температуранын суткалык өзгөрүүсү 1 градустан ашпайт
2) Бошоӊдотуучу
– Вирустук жана бактериялык инфекцияларда, экссудативдик плевритте температуранын суткалык өзгөрүүсү 1-2 градус.
3) Оош-кыйыштуу
– Ириңдүү инфекцияларды, кургак учукта, безгекте дене табынын эртең менен ченемге чейин төмөндөшү менен бирге кескин өзгөрүп турушу.
4) Алдан тайдыруучу
– Дене табынын суткасына 3-5 градуска чейин өзгөрүлүп турушу. Бул калтыратма абдан кооптуу, анткени организм мындай термелүүлөрдөн алсырайт. Калтыратманын бул түрү сепсисте, ириңдүү инфекцияларда болот.
5) Алмалышма
Тиф, безгек ооруларында ушундай болот.
6) Типтүү эмес
– циркаддык ыргактын бузулушу. Эртең мененки дене табы кечки дене табынан жогору. Бул сепсисте ундай болот.
– 2-7 күнгө созулган адамдын калтыратмасы бар жана калтыратмасыз учурларынын алмашып
Калтыратма кармагандагы зат алмашуунун өзгөрүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизги зат алмашуу
Дене табы ар бир градуска жогорулаган сайын, негизги зат алмашуу 10-12%га көбөйөт.
- Углеводдук алмашуу
Симпатикалык нерв системасынын дүүлүгүшү. Анча чоң эмес гипергликемия.
Липолиздин көбөйүшү – гиперлипидемия,
Кетогенездин жогорулашы – кетонемия.
- Белоктордун алмашуусу
Терс азот балансы.
- Суу-туз алмашуу.
II баскыч – изоосмолярдык гипергидратация.
Жутуунун начарлашы, секрециялардын аз бөлүнүп чыгышынан улам ооздун кургашы. Бул тамак-аштын сиңбей калышына алып келет да, ичегилерде тамак-аштын топтолуп, ачышына себеп болот.
Калтыратма учурундагы бөлүп чыгаруу системасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]I баскыч – кандын ички органдарга, анын ичинде бөйрөктөргө бөлүштүрүлүшү
II баскыч – альдостерон секрециясынын жогорулашы.
III баскыч – суу жана натрий хлоридинин ткандардан чоң өлчөмдө бөлүнүп чыгышы.
Калтыратма учурундагы борбордук нерв системасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шарттуу рефлектордук иштин бузулушу, нейрондордун дүүлүгүүсүнүн жогорулашы, баш оору, уйкусуроо же уйкусуздук. Калтыратма катуу болгондо жөөлүү жана галлюцинация келип чыгат. Балдар карышмадан жапа чегиши мүмкүн.
Калтыратманын организм үчүн мааниси:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оң жактары:
- микробдордун жана вирустардын көбөйүшүнө бөгөт
- микробдордун антибиотиктерге сезгичтигин жогорулатуу
- кээ бир аллергиялык реакциялардын өнүгүшүн токтотуу
- фагоцитозду активдештирүү
- антитулкуларды активдештирүү
- интерферондун иштелип чыгышынын көбөйүшү
- организмдин резистенттүүлүгүн (ооруга каршы туруу жөндөмүн) жогорулатуу
Калтыратма учурунда организм чарчап, алсырайт.
Терс жактары:
- жүрөк-кан тамыр тутумуна күч келет
- борбордук нерв тутумунун функцияларынын бузулушу
- пайдалуу заттардын сиңүүсүнүн начарлашы
- энергетикалык корлордун азайышы.
- калтыратма учурунда бардык ички органдардын функциялары төмөндөйт.
Калтыратманын гипертермиядан айырмасы (дененин ашыкча ысышы)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калтыратма жана гипертермия – мүнөздүү патологиялык процесстер, алардын жалпы жышааны – дене табынын көтөрүлүшү.
Алардын бири-биринен негизги айырмачылыгы, калтыратма учурунда дене табынын деңгээли айлана-чөйрөнүн температурасына көз каранды эмес. Ал эми гипертермияда дене табы кескин көтөрүлөт, анын баскычтары болбойт.
Колдонулган адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1. Адо А. Д. Учение о лихорадке // Клин. мед. — 1994.
2.Брюк К. Тепловой баланс и регуляция температуры тела: пер. с англ // Физиология человека / Под ред. Р. Шмидта, Г. Тевса. — М.: Мир, 1996.— Т. 3.— 198 с.
3. Брязгунов И.П. Теплообмен и терморегуляция в практике педиатра. — М.: Медпрактика-М, 2005. — 128 с.
4.Михельсон В. А. Лихорадка и гипертермия // Детская анестезиология и реаниматология / Под ред. В.А. Михельсона, В. А. Гребенникова. — М.: Медицина, 2001.