Тоо климаты
Тоо климаты - тоолуу жерлердеги климаттык шарт.
Тоо климатынына түздүктүн климатынан айырмаланышы тоонун деңиз деңгээлинен улам бийиктешине, рельефине (тоонун тилмеленүү даражасы, салыштырма бийиктиги жана багыты, капталдардын экспозициясы ж. б.), ошондой эле мөңгү менен фирн талаасына байлапыштуу. 3000-4000 м бийикке чейин тоо климатына, андан жогору бийик тоо климатына бөлүнөт.
Тоо климаты түздүктүн үстүндөгү атмосферанын (тоо менен бирдей бийиктеги) климаттык шартынан айырмаланат. Бийиктеген сайын атмосфералык басымдын, абанын температурасы менен нымдуулугунун ж. б. өзгөрушүнөн тоодо климаттык алкактар пайда болот да, ландшафттын бийиктик алкактуулугун түзөт. Бийиктик боюнча атмралык басым, абанын тыгыздыгы, андагы суу буусу менен чаң азаят. Бул тоолуу жерлерде күн радиациясы үчүн абанын тазалыгын арттырат. тоодо абанын температурасы бийикке, ошондой эле тоо капталынын экспозициясына (түштүк капталдарда түндүгүнө Караганда температуpa жогору болот), мөңгү менен фири талаасына байланыштуу. тоонун айдарым беттеринде жаан-чачын коп. тоодо фён, бора шамалдары (ылымта беттерде), абанын жергиликтүү циркуляциясынан тоо өрөөн шамалы, мөңгүнүн үстүндө мөңгү шамалы пайда болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4