Копенгаген
Отурукташкан жай
Копенгаген
|
Копенгаген (дан. København [kʰøb̥ənˈhaʊ̯ˀn] / [кхёбэнха́ў’н], лат. Hafnia) – Дания Королдугунун борбору (1443-жылдан). Эресунн булуңунун оң жээгинде, Зеландия жана Амагер аралында жайгашкан. Калкы 600,0 миң (2003; Чоң Копенгаген агломерациясында 1,5 млн; өлкөнүн калкынын 30%и). Алгач 1043-жылдан Хавн (гавань) тургун жайы катары эскерилет. 1167-ж. епископ Абсалон аны айланта сепил жана чеп курдурткан. 1170-жылдан Копенгаген аталат. 1186-жылдан 1416-ж. чейин (үзгүлтүк менен) Роскилльск епископтугунун курамында болгон. Копенгаген 1254-ж. шаар статусун алган. 1443-жылдан король резиденциясы. 20-кылымда Копенгаген ири өнөр жайлык борборго айланган. 1940-ж. апрелде немис фашисттер басып алган, бирок 1945-ж. 5-майда бошотулган. Копенгаген – Даниядагы гана эмес Скандинавия өлкөлөрүндөгү эң ири соода-өнөр-жай борбору. Машина жана станок куруу, металл иштетүү, электртехникалык, химиялык, фарфор, текстиль, тигүү өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер, техникалык жогорку мектеп, ветеринария жана айыл чарба король жогорку мектеби, консерватория, инженердик, музыка, искусство академиялары, калк китепканасы, көптөгөн музейлер (сүрөт, улуттук ж. б.) театрлар, Карлсберг жаңы глиптотекасы (скульптура топтому) бар. Шаардын эски бөлүгүнө кууш ийри көчөлөр мүнөздүү. Биржа, Росенборг аңчылар, Шарлоттенборг (17-кылым), Кристиансборг (18-кылым) ак сарайлары сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
БУУга мүчө өлкөлөр: Амстердам • Андорра-Ла-Вилья • Анкара • Афины • Белград • Берлин • Берн • Братислава • Брюссель • Будапешт • Бухарест • Вадуц • Валлетта • Варшава • Ватикан • Вена • Вильнюс • Дублин • Загреб • Киев • Кишинёв • Копенгаген • Лиссабон • Лондон • Любляна • Люксембург • Мадрид • Минск • Монако • Москва • Нур-Султан • Осло • Париж • Прага • Рейкьявик • Рига • Рим • Сан-Марино • Сараево • Скопье • София • Стокгольм • Таллин • Тирана • Хельсинки • Цетине Башка аймактардын борборлору:
Гибралтар •
Дуглас •
Лонгйир •
Мальта сарайы •
Мариехамн •
Сент-Питер-Порт •
Сент-Хелиер •
Торсхавн •
Эпископи
|