Латакия шаары
Латакия шаары – Сириянын чыгышындагы шаар. Латакия мухафазасынын административдик борбору. Өлкөнүн Жер Ортолук деңиз жээгиндеги ири порту. Калкы 371,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар.
Шаар болжол менен биздин заманга чейин 358–281-ж. негизделген. Түндүк Сириядагы эң ири соода борборлордун бири. Биздин замандын 494- жана 555-ж. жер титирөөдөн талкаланып, кайрадан курулган. Селевкиддер мезгилиндеги курулуштардын издери, салтанат капкасы, театр, коринф колоннадалары (Бахус), маяктуу порт курулуштары, Ыйык Бийкеч (18-кылым), Ыйык Николай (17–18-кылым) византия чиркөөлөрү, мунара (14-кылым), Аль-Кабир жана АльЖадид (18-кылым) мечиттери сакталган. Заманбап курулуштары: Деңиз изилдөө борбору (1980), Наисса мечити (1989), спорт комплекси (1987), университет, музей (карапа жана айнек буюмдар коюлган) бар. Тамак-аш (суу май, ун), тамеки, булгаары, пахта тазалоочу өнөр жай ишканалары иштейт. Накта жибек кездемелер чыгарылат. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Латакиянын айланасында Угарит шаарынын урандылары бар. Калъат-Салах-эдДин чеби (Сайун; 10-кылым, 12–13-кылым) византия мезгилиндеги курулуштун фрагменттери жана араб мечиттери мунаралары менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7