Мазмунга өтүү

Африка бирлиги

Википедия дан
Африка бирлиги
суахили Umoja wa Afrika
ар. الاتحاد الأفريقي
англ. African Union
фр. Union africaine
порт. União Africana

Кочкул жашыл: мүчө мамлекеттер
Ачык жашыл: мүчөлүгү токтотулган мамлекеттер

Мүчөлүк:

55 мамлекет

Штаб-квартира:

Эфиопия Аддис-Абеба, Эфиопия
Түштүк-Африка Республикасы Йоханнесбург, ТАР

Ырасмый тилдери:

англисче, арабча, французча, португалча, африка тилдери

Жетекчилери
Африка бирлигинин төрагасы

Коморлор Азали Ассумани

Африка бирлигинин комиссиясынын төрагасы

Чад Муса Факи Мухаммад

Панафрика парламентинин төрагасы

Камерун Роже Нкодо Данг

Негизделген
Африка Биримдиги Уюму болуп түзүлгөн күнү

25-май 1963-жыл

Африка бирлиги болуп түзүлгөн күнү

9-июль 2002-жыл

Африка бирлиги - Африканын 54 мамлекетин бириктирген эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюм[1].

Африка биримдик уюмунун укуктуу улантуучусу (АБУ) 2002-жылдын 9-июлунда негизделген. Уюмдун чегиндеги эң маанилүү чечимдер Африка союзунун Ассамблеясында мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан жыйынында кабыл алынат. мындай жыйындар жарым жылда бир жолу өтүп турат[1].

Африка бирлигинин Катчылыгы жана Комиссиясы Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада жайгашкан[1].

Африка Бирлигин 1960-жылдары Гананын президенти Кваме Нкрумдун демилгеси менен түзүлгөн Африка мамлекеттеринин конфедерациясынын, 1963-жылы 25-майда түзүлгөн Африка биримдиги уюмунун жана 1991-жылы негизделген Африка экономикалык шериктештигинин мураскери деп атап койсо да болот.

Африка биримдиги уюмуна 1990-жылдардын ортосунда «диктаторлор клубуна» айланышына жана аз эффективдүүлүгө байланыштуу катуу сындар айталып[2], Африка континентинде жаңы Африка Бирлигин түзүү идеясы жанданган. Мындай трансформациянын негизги жактоочусу Ливиянын президенти Муаммар Каддафи болгон.

1999-жылы 9-сентябрда Африка биримдиги уюмуна мүчө мамлекеттеринин мамлекет жана өкмөт башчылары Африка биримдигин түзүү ниетин билдирген Сирт декларациясын кабыл алышкан. 2000-жылы Ломедеги саммитте Африка Бирлигинин уюштуруу актысы кабыл алынган, ал эми 2001-жылы Лусакадагы саммитте жаңы уюмдун долбоорун ишке ашыруу планы кабыл алынган.

Африка Бирлиги өз ишин 2002-жылдын 9-июлунда баштаган жана Африка биримдиги уюмун толугу менен алмаштырган.

2007-жылдын 31-июлунда Дарфурдагы БУУ менен биргелешкен тынчтыкты сактоо операциясына катыша баштаган.

2016-жылы 17-июлда Африка Бирлигинин кезектеги саммитинде Африка Бирлигинин бирдиктүү паспорту сунушталган, ал келечекте Африка Бирлигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн ортосунда визасыз режимди уюштурууга мүмкүндүк берет[3][4].

2023-жылдын 22-августунда Африка Бирлиги Нигердин уюмга мүчө болусун, ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Габондун уюмга мүчө болусун убактылуу токтоткон[5].

Африка Бирлигинин аймактары:     Түндүк аймагы      Түштүк аймагы      Батыш аймактары (А жана В)      Борбордук аймагы

Африка бирлигине мүчө мамлекеттери Испаниянын карамагындагы бир нече аймактарды (Сеута, Мелилья жана Пеньон де Велес де ла Гомера) кошпогондо, Африканын дээрлик бардык аймактарын камтыйт. Мындан тышкары, Европа өлкөлөрүнө таандык Африкада жайгашкан оффшордук аралдар да бар:

Африка бирлигинин географиясы ар түрдүү, анын ичинде дүйнөдөгү эң чоң жана ысык Сахара чөлү, аянттары ири болгон жунглилер жана саванналар жайгашкан жана дүйнөдөгү көп жылдар бою эң узун дарыя деп эсептелген Нил дарыясы агып өтөт.

Африка Бирлигинин аянты 29,922,059 чарчы километр, жээк сызыгы 24,165 километр. Бул Бирликке кирген мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Африканын континенттик бөлүгүндө жайгашышкан, ал эми материктен тышкары жайгашып, маанилүү аймактар деп саналган Мадагаскар аралы жана Синай жарым аралы Африка Бирлигинин жалпы аянттын 2% түзөт.

Максаттары жана принциптери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африка Бирлигинин уюштуруу актысына ылайык, уюмдун максаттары[6]:

  • Африка мамлекеттеринин жана Африка элдеринин биримдигин жана тилектештигин чыңдоо;
  • Мүчө мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо;
  • Континенттин саясий жана социалдык-экономикалык интеграциясын тездетүү;
  • Континентти жана анын элдерин кызыктырган маселелер боюнча жалпы позицияны илгерилетүү жана жактоо;
  • БУУнун Уставына жана адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык эл аралык кызматташууга көмөктөшүү;
  • Континентте тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо;
  • Адам укуктарын бекемдөө жана адам укуктарын камсыз кылуу үчүн Адам жана элдердин укуктарынын Африка хартиясына ылайык адам укуктарын коргоо;
  • Континент глобалдык экономикада жана эл аралык сүйлөшүүлөрдө татыктуу орунду ээлей ала турган зарыл шарттарды түзүү;
  • Экономикалык, социалдык жана маданий деңгээлде туруктуулукту, ошондой эле Африка экономикаларын интеграциялоону жайылтуу;
  • Африка калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында адам ишмердигинин бардык чөйрөлөрүндө кызматташууга көмөктөшүү;
  • Африка Бирлигинин максаттарына акырындык менен жетүү үчүн учурдагы жана келечектеги аймактык экономикалык жамааттардын ортосундагы саясатты координациялоо жана шайкеш келтирүү;
  • Бардык тармактарда, баарынан мурда илим жана технология жаатында илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү аркылуу континенттин өнүгүшүндөгү прогресс;
  • Континентте ооруларды жок кылуу жана сергек жашоого көмөктөшүү боюнча иш-аракеттерде тиешелүү эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу.

Африка Бирлигинин уюштуруу актысына ылайык, уюмдун иштөө принциптери[6]:

  • Африка Бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы суверендүү теңдик жана өз ара көз карандылык;
  • Мамлекеттер эгемендүүлүктү алган учурда болгон мамлекеттик чек араларды урматтоо;
  • Африка элдеринин Африка Бирлигинин ишмердүүлүгүнө катышуусу;
  • Африка континенти үчүн жалпы коргонуу саясатын иштеп чыгуу;
  • Африка Бирлигинин Ассамблеясы жактырган ылайыктуу чаралар аркылуу бирлике мүчө мамлекеттердин ортосундагы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү;
  • Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда күч колдонууга жана күч менен коркутууга тыюу салуу;
  • Мүчө мамлекеттердин башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү;
  • Согуш учурундагы кылмыштары, геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар болгон учурда уюмдун Ассамблеясынын чечими боюнча Бирликтин мамлекеттердин иштерине кийлигишүү укугу;
  • Мүчө мамлекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосу жана алардын тынчтыкта жана коопсуздукта жашоо укугу;
  • Тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүү максатында мүчө мамлекеттердин, башка мамлекеттин иштерине кийлигишүүсү жөнүндө уюмга кайрылуу укугу;
  • Биримдиктин алкагында өзүн-өзү камсыздоого көмөктөшүү;
  • Жыныстык теңчиликке көмөктөшүү;
  • Демократиялык принциптерди, адам укуктарын, мыйзамдын үстөмдүгүн жана ак ниет мамлекеттик башкарууну урматтоо;
  • Тең салмактуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу максатында социалдык адилеттүүлүккө көмөктөшүү;
  • Адам жашоосунун ыйыктыгын урматтоо, жазасыз калууну жана саясий өлтүрүүлөрдү, терроризмди жана диверсияны айыптоо жана четке кагуу;
  • Өкмөттүн конституциялык эмес алмашуусун айыптоо жана четке кагуу.

Бирликтин түзүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африка Бирлигинин жогорку органы болуп мамлекет жана өкмөт башчыларынан же алардын аккредитацияланган өкүлдөрүнөн турган Ассамблея саналат. Ассамблеянын жыйналыш түрүндөгү жолугушуулары жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлүүгө тийиш. Бирок Ассамблея мүчө-мамлекеттердин талабы боюнча жана мүчө-мамлекеттердин 2/3 жактыруусу боюнча кезексиз сессияга чогула алат. Ассамблеяны, мүчө мамлекеттердин мамлекет же өкмөт башчыларынын курамынан бир жылдык мөөнөткө шайлаган төрага жетектейт.

Ассамблея кеңири ыйгарым укуктарга ээ[6]:

  • Африка Бирлигинин жалпы саясатын аныктайт;
  • Бирликтин башка органдары тарабынан даярдалган ар кандай докладдарды жана сунуштамаларды карайт жана чечимдерди кабыл алат;
  • Уюмга мүчөлүк маселесин карайт;
  • Бирликтин жаңы органдарын түзөт;
  • Бирликтин саясатынын жана чечимдеринин ишке ашырылышын текшерет, ошондой эле мүчө мамлекеттер алардын сакталышын көзөмөлдөйт;
  • Бирликтин бюджетин кабыл алат;
  • Кагылыштарды, согуштарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча аткаруу Кеңешине көрсөтмөлөрдү берет;
  • Африка Бирлигинин Жогорку сотунун судьяларын дайындайт жана кызматтан алат;
  • Комиссиянын төрагасын жана анын орун басарларын, комиссиянын комиссарын дайындайт, ошондой эле алардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн аныктайт.

Африка Бирлигинин төрагаларынын тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аты жөнү[7] Мөөнөтүнүн башталышы[7] Мөөнөтүнүн аякташы[7] Өлкөсү
Табо Мбеки 9-июль 2002-жыл 10-июль 2003-жыл  ТАР
Жоаким Чиссано 10-июль 2003-жыл 6-июль 2004-жыл  Мозамбик
Олусегун Обасанжо 6-июль 2004-жыл 24-январь 2006-жыл  Нигерия
Денис Сассу-Нгессо 24-январь 2006-жыл 24-январь 2007-жыл  Конго Республикасы
Жон Куфуор 30-январь 2007-жыл 31-январь 2008-жыл  Гана
Жакая Киквет 31-январь 2008-жыл 2-февраль 2009-жыл  Танзания
Муаммар аль-Каддафи 2-февраль 2009-жыл 31-январь 2010-жыл  Ливия
Бингу ва Мутарика[8] 31-январь 2010-жыл 31-январь 2011-жыл  Малави
Теодоро Обианг Нгема Мбасого 31-январь 2011-жыл 29-январь 2012-жыл  Экваториалдык Гвинея
Тома Йеи Бони 29-январь 2012-жыл 27-январь 2013-жыл  Бенин
Хайлемариам Десален 27-январь 2013-жыл 30-январь 2014-жыл  Эфиопия
Мухаммед Абдел Азиз 30-январь 2014-жыл 30-январь 2015-жыл  Мавритания
Роберт Мугабе 30-январь 2015-жыл 30-январь 2016-жыл  Зимбабве
Идрис Деби 30-январь 2016-жыл 30-январь 2017-жыл  Чад
Альфа Конде 30-январь 2017-жыл 28-январь 2018-жыл  Гвинея
Кабат Кагами 28-январь 2018-жыл 10-февраль 2019-жыл  Руанда
Абдель Фаттах ас-Сиси 10-февраль 2019-жыл 10-февраль 2020-жыл  Египет
Сирил Рамафоса 10-февраль 2020-жыл 10-февраль 2021-жыл  ТАР
Феликс Чисекеди 10-февраль 2021-жыл 5-февраль 2022-жыл  Конго Демократиялык Республикасы
Маки Саль 5-февраль 2022-жыл 18-февраль 2023-жыл  Сенегал
Азали Ассоумани 18-февраль 2023-жыл 17-февраль 2024-жыл  Комор Аралдары
Мухаммед Газуани 17-февраль 2024-жыл азыркы учурда  Мавритания

Куралдуу күчтөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылы 6-мартта Африка Бирлиги динчил террористерине каршы туруу максатында кеминде 8 миң аскерден турган аймактык аскер тобун түзүү чечимин жактырган[9][10].

Мүчө мамлекеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук мүчө мамлекеттер[11]

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мүчөлүгү убактылуу токтотулган мамлекеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байкоочу мамлекеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б.ISBN 978-9967-27-790-8
  1. 1.0 1.1 1.2 About the African Union
  2. African Union replaces dictators' club
  3. President Kenyatta arrives in Kigali for AU summit
  4. United States of Africa? African Union launches all-Africa passport
  5. Афросоюз приостанавливает участие Габона в деятельности организации
  6. 6.0 6.1 6.2 African Union. Constitutive Act
  7. 7.0 7.1 7.2 Chairs of Assembly of the African Union
  8. Malawi president takes over as AU president
  9. Нигер и Чад начали операцию против исламистов в Нигерии
  10. Африканский союз поддержал создание региональных вооруженных сил для борьбы с "Боко харам"
  11. African Union. Member States
  12. Haiti Will Not Join the African Union
  13. Kazakhstan’s Observer status at the African Union: What Does It Mean for Africa?
  14. Latvia becomes observer to African Union
  15. Chairperson Receives the Credentials of the First Permanent Observer of Mexico to the African Union
  16. AU grants Palestine observer status
  17. Mrkić na samitu u Adis Abebi
  18. What’s driving Turkey’s commercial & military relations with Africa?
  19. Ukraine has obtained the observer status in the African Union
  20. Chairperson Receives Credentials of the Permanent Observer of the United Arab Emirates
  21. African Union says Israel’s observer status suspended
  22. Israel dispute erupts at African Union summit

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]