Генетика
Генетика (грек. γενητως — туулуу) — организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.
19-кылымдын башында ата-эне белгилеринин тукум куугучтугун түшүндүрүүгө көптөгөн аракеттер жасалган. 1865-ж. чех табият таануучусу И. Г. Мендель өзүнүн көп жылдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган. Ал ата-эненин тукум куума белгилеринин тукумуна берилишинин негизги мыйзамын чыгарган. Андан сырткары И. Г. Мендель клеткадагы тукум куума белгилерди алып жүрүүчү айрым дискреттүү бөлүкчөлөр бар экендигин айткан. Ар бир дене (сома) клеткаларында тукум куума жуп бөлүкчө, ал эми жыныс клеткаларындагы жуптун бирөөндө тукум куума белги болот. Уруктанганда жыныс клеткалары кошулуп, бул бөлүкчөлөр ар кандай комбинацияда биригет.
Жаңы организмдин калыптануу жараянында ата-эненин тукум куума белгилеринин кайталанышы байкалат. Илимде клетканын түзүлүшүндөгү маанилүү бөлүкчөлөр бөлүнүшү, жыныс процессинин маңызы, тукум куугучтук али түшүнүксүз учурда И. Г. Менделдин өтө так тажрыйбага таянган, математикалык жана терең логикалык анализденген зор эмгеги өзүнүн доорунан алда канча озуп кетип, замандаштарына түшүнүксүз болгон жана бааланган эмес. 35 жылдан кийин гана Голландия окумуштуусу генде Фриз, немис окумуштуусу К. Корренс жана чех окумуштуусу Э. Чермах бир мезгилде жана бир-бири менен байланышпай туруп, белгилердин тукум куугучтук законун экинчи жолу ачышкан жана И. Г. Менделдин унутулуп калган эмгегин капысынан байкап калышкан. Ушундан баштап тукум куугучтук жөнүндөгү окуу өз алдынча илим катары өнүгө баштап, 1906-ж. англия биологу У. Бэтсондун сунушу боюнча «генетика» деп аталган. 1909-ж. Дания окумуштуусу У. Иоганнсен тукум куума бөлүкчөнү ген деп атоону сунуш кылган.
20-кылымда микроскоптук изилдөөнүн жетишкендиктеринин негизинде клетканын түзүлүшү, жыныс клеткаларынын пайда болуу мыйзам ченеми, клетка ядросундагы, өзгөчө түзүм — хромосома (тукум куугуч генди алып жүрүү), клетканын бөлүнүшү (митоз) аныкталган. Жыныс клеткасынын жетилишин жана жыныс процессинин маңызын түшүнүп, тукум куума белги үзгүлтүктүү жана түгөйлүү деген И. Г. Менделдин божомолун далилдеди. 1910—1913-ж. америка биологу Т. Морган жана анын шакирттери ген хромосомада болуп, ал түз сызык түрүндө жайгашканын аныктаган.
20-кылымдын башында тукум куугучтуктун хромосома теориясы деп аталган Т. Моргандын окуусу өсүп келе жаткан генетиканын материалисттик ири жыйынтыктарынын бири болгон. 1901-ж. Г. де Фриз мутация теориясын ачкан.
1926-ж. совет окумуштуу С. С. Четвериков табигый шартта пайда болуп жана И. Г. Менделдин мыйзам ченеми боюнча тукум кууган мутация табигый тандоонун негизги материалы болорун далилдеп, генетика менен эволюциялык окуунун өөрчүшүндө чоң салым кошкон. С. С. Четвериков популяциядагы организмдин бир нече тукумунда мутант гендердин тандалуу жана таралуу ылдамдыгын эсептеп чыгып, генетиканын маанилүү тармагы — популяциялык генетикага негиз салган.
1925-жылга чейин окумуштуулар генетика изилдөөлөрдө табигый шартта кезигүүчү мутанттарды пайдаланышкан. 20-жылдын аягы 30-жылдардын башында гана чөйрө факторунун таасиринде гендердин өзгөрөрү (мутация) экспериментте далилденген.
1925-жылы совет окумуштуу Г. А. Надсон жана анын окуучусу Г. С. Филиппов ачыткыда, ал эми 1927-ж. америкалык окумуштуу Г. Мёллер дрозофилада рентген нурунун таасири менен тукум куума өзгөргүчтүктү (мутацияны) алышкан. Совет окумуштуулар М. Н. Мейсель, В. В. Сахаров, И. А. Рапопорт, химиялык агенттин мутацияны пайда кыларын көрсөткөн. Генетиканын өөрчүшүнө Н. И. Вавилов, Н. К. Кольцов, А. С. Серебровский, С. С. Четвериков, Н. П. Дубинин жана башка совет окумуштуулар чоң роль ойношкон.
19-кылымдын экинчи жарымында эле хромосомада белок менен нуклеин кычкылдыгы, ошондой эле хромосомада нуклеин кислотасынын бири — ДНК болору белгилүү болгон. Бирок 20-кылымдын 50-жылдарына чейин айрым биологдор гендер белок молекуласында гана болот деп эсептешкен.
Генетиканын жаңы багыты — молекулалык генетика пайда болгондон кийин гана ДНК генетика иштемди алып жүрөрү микроорганизмдерде далилденди. 1944-ж. бир бактериядан алынган ДНКны башка бактерияга жибергенде экинчисинин тукум куума касиети өзгөргөн. Бардык тирүү организмдерде ДНК жана РНКнын салыштырма туруктуу болушун, тукум куума белгилердин клеткадан клеткага, укумдан-тукумга берилишин белок эмес ДНК жана РНК камсыз кыларын аныктайт (Дезоксирибонуклеин кычкылдыгы).
1960-жылдан баштап мутациянын пайда болушу молекулалык негизде изилдене баштаган. Бирок, генет. кодду изилдөөнүн көбү микроорганизмде жүргүзүлгөн. Бактерия жана вирустар үчүн кабыл алынган гендерди жөнгө салуу негизги ойу татаал түзүлүштүү организмдерге туура келер-келбесин тактоо керек болгон.
Совет окумуштуулар А. С. Спирин жана Г. П. Георгиев (1964—1965) жаныбар клеткасынын ДНК молекуласында генетика маалыматты алып жүрүүчү РНК жана белок комплекси (информосома деп аталган) түрүндө өзгөчө формалар бар экенин экспериментте далилдешкен. Генетика киши, жаныбар жана өсүмдүктүн дене клеткасын изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишти.
Ар бир организмдин өөрчүү жараянындагы генетика программанын жаңы организмдин касиеттери менен белгилеринде ишке ашуусу жашоо чөйрөсүнүн таасири астында жүрөт. Генетика программа организмдин өөрчүшүндө тектик белгилерин, түрдүк өзгөчөлүгүн камсыздайт, ал эми организмдин өөрчүү мезгилинде жашоо чөйрөнүн таасири жыныс клеткасындагы генетика аппаратты бузбай, организмдин тукум куубаган жеке өзгөрүшүн пайда кылат. Эгерде мутация сырткы чөйрөнүн өтө күчтүү таасир этүүчү факторунан пайда болсо, бул өзгөрүү тукум кууйт.
Азыркы генетикада изилдөөнүн конкреттүү объектиси, маселеси жана ыкмаларына жараша бир катар бөлүмү жана багыты пайда болду. Генетиканын молекулалык генетика, биохимиялык генетика, өөрчүү генетикасы, цитогенетика, радиация генетикасы, популяция генетикасы, микроорганизм генетикасы жана башка өз алдынча илимий тармактары калыптанды. Азыркы учурда кишинин тукум куума ооруларын генет. изилдөөгө чоң көңүл бурулууда. Аны генетиканын атайын бөлүмү — медициналык генетика изилдейт.
Азыркы генетиканын жетишкендиктери айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (буудай, кызылча, жүгөрү, кара күрүч жана башка) түшүмүн жогорулатуу, малдын жакшы тукумун алууда мааниси чоң, ошондой эле микробиологиялык өнөр жайдын (антибиотиктерди жана башка алуу) өөрчүшүнө түрткү берет. Генетиканын ийгиликтери кишинин тукум куума аппаратын чөйрөнүн терс таасиринен сактоо чараларын иштеп чыгууга, ошондой эле тукум куума начар касиеттерди дары менен оңдоого жана келечекте кишинин генет. аппаратына түздөн-түз таасир этип, «оорулуу» генди алып салууга же алмаштырууга мүмкүндүк берет.
Тукум куугучтук жана өзгөргүчтүктүн негизги түшүнүгү жана мыйзамы жөнүдө, Ген, Өзгөргүчтүк, Мутагенез, Тукум куугучтик.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8