Музалар
Көрүнүш
Музалар – байыркы грек мифологиясындагы искусство, илим, поэзия кудайлары, пирлери. Тогуз М. адегенде грек акыны Гесиоддун (биздин заманга чейинки 7-кылым) «Теогониясында» аталган. Клио – тарыхтын, Евтерпа – поэзия менен музыканын, Талия – комедиянын, Мельпомена – трагедиянын, Терпсихора – бийдин, Эрато – сүйүү лирикасынын, Полигимния – гимндердин, Урания – астр-янын, Каллиона – эпостун кудайлары. Аполлон М-дын пири деп эсептелген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7